1.
Кыргыз тилинде сын атоочтун канча даражасы бар?
A
4
B
3
C
2
2.
Жай даражадагы сөздөрдү тап?
A
кыпкызыл, сарыгыч, ак, көк, капкара, жашыл, ачуу, кен, сүйрүрөөк
B
кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү
C
кызыл, сары, ак, көпкөк, кара, ачыкжашыл, ачууыраак, кенирээк, сүйрү
3.
Төмөнкү сүйлөмдөрдөн салыштырма даражадагы сөздү тап?
A
Айбектин үйү жолдун боюнда.
B
Айбектин үйү Асандыкынан алысыраак.
C
Айбектин үйү кооз.
4.
Басаңдатма даражадгы сын атооч катышкан сүйлөмдү белгиле.
A
Айпери, биздин кыздардын сулуусунун сулуусу
B
Айпери агыш, кооз гүлдүү көйнөгүн кийгени жарашыктуу, сулуу көрүнөт.
C
Айпери -сулуу, татынакай кыз.
5.
эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалган сын атоочтор кайсы даражаны билдирет?
A
жай даражаны
B
күчөткүч даражаны
C
салыштырма даражаны
6.
Сүйлөмдөрдөн басаңдатма даражадагы сын атоочту тап.
A
Кара шибер, көк майдан, саздуу болот аккан суу.
B
Балдан таттуу шипширин, жагып жаткан аккан суу.
C
Ташка тийген жеринен көгүш жалын от чыгат.
7.
Көгүлтүр көлдө эс алып, ден соолугумду чыңдадым. Сүйлөмдө кайсы даражадагы сын атооч катышты?
A
жай
B
Басаңдатма
C
Салыштырма
8.
Сулуунун сулуусу тандалды.
Сүйлөмдө кайсы даражадагы сын атооч катышты?
A
Басаңдатма
B
Күчөтмө
C
Салыштырма
9.
Эненин түшүнө төшү кызгылт,өңү саргыч, канаттары агыш, бозомтук канаттуу куш кирет.
Сүйлөмдө кайсы даражадагы сын атооч катышты?
A
Салыштырма
B
Басаңдатма
C
Жай
10.
Заттын сын-сыпатын жогорку деңгээлде экендигин көрсөткөн дараданы белгиле.
A
Басаңдатма
B
Жай
C
Күчөтмө
11.
Салыштырма даражадагы сын атоочту уюштуруучу мүчө.
A
-ыраак
B
-ныкы
C
-дан
12.
Асандан кичине, кагаздан калың, менден бийик,Бейшегүлдөн жоош, канттан таттуу, шаардан алыс.
Жогорудагы сын атоочтор кайсы даражада, кайсы мүчө түшүп калды?